Бүгүн 9-май жеңиш күнүн постсоветтик аймактагы элдер түрдүүчө белгилешүүдө. Эстонияда советтик жоокердин айкелин башка жерге көчүрүүгө байланышкан окуя быйылкы жеңиш майрамынын алдынан көп эле чыр-чатактарды жаратты. Анын аралыгында, Орусиянын Воронеж облусунда кыргызстандык баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин айкел-бюстунун орнотулушу майрамдык маанайга кошумча көрк кошкондой болду.
Воронеж фронтундагы 6-армиянын 160-аткычтар дивизиясынын катардагы аскери Чолпонбай Түлөбердиев согуш кычап турган 1942-жылы операцияны ишке ашырыш үчүн душмандын огун өз денеси менен тосконун мектептен бери билчүбүз. Азыр эми анын эрдиги тууралуу Воронеждеги мектеп окуучулары да жакшы билишет.
- Чолпонбай курман болгон Селявное-2 айылындагы мектепке анын атын беребиз деп жатышат. Воронежде быйыл 23-февралда «Эрдик дарсы» деп дал ушул Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги жөнүндө сабак өттү. Баатырдын туулган күнүндө жергиликтүү бийликтер менен биргеликте Түлөбердиевке арналган адабий окууну уюштурдук. Дагы бир жакшынакай нерсени белгилеп кетишим керек: Воронежде, Лискиде, анан Селяевное 2 айылында жашагандар Чолпонбайды «Кыргыздын уулу, бирок биздин баатыр» деп талашып жатышпайбы. Бул да ушунчалык жылуу сезимди жаратат.
Замирбек Мамбетжунусов – Кыргызстандын Москвадагы элчисинин аскерий-саясий иштер боюнча кеңешчиси. Замирбек мырза - Воронежде Чолпонбай баатырдын айкелин тургузуш үчүн көптөн бери чуркап, жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келгендердин бири. Андыктан Түлөбердиевдин айкелин курууга байланыштуу иш эмнеден башталганын анын өзүнөн угууну туура көрдүк.
- Бул ой мындан беш жыл мурун пайда болгон. Воронежде окуган кыргызстандыктар Түлөбердиев курман болгон жерге анын эстелигин орнотушкан болчу. Облусттук администрация ал үчүн акча бөлүп берели десе, биздин кыз-жигиттер: «Жок, рахмат, Чолпонбай Түлөбердиев – биздин жердешибиз болчу, ага эстелик тургузуу – биздин парзыбыз», - деп өздөрү орнотушкан. Ал эми былтыр 6-августта, баатыр курман болгон күнү, элчиликке Воронеждеги кыргыздардан маараке өткөрөлү деген сунуш-кат келип калды. Мен өзүм ал жерге барып, кыргызстандыктар менен көрүштүм: «Туугандар, «города-побратимы» деген түшүнүк бар. Чолпонбай курман болгон Селяевное-2 айылы менен баатырдын өзү туулган айылдын ортосунда да ошондой достук-маданий алакаларын күчөтөлү, кайра жанданталы», - деп сунуш кылгам. Анан жергиликтүү бийликтер менен сүйлөшкөнүбүздө, алар өздөрү акча бөлүп берели деп калышты.
Замирбек Мамбетжунусов айтып өткөн Воронеждеги кыргызстандыктар өздөрүнүн «Мурас» деген коомун да түзүшкөн. Аны азыр Талантбек Намазбеков жетектейт.
- Советтер Союзу таркагандан бери алгачкы ирет ушундай мааниде иш-чара өтүп жатат. Биз, жаштар, буга анча маани бербешибиз мүмкүн, бирок аксакалдар, ветерандар айтып жатышат: СССР кыйрагандан бери Орусиянын аймагында ушундай деңгээлде окуя боло элек болчу. Элдер жакшы кабыл алышты. Биз азыр жасаган ишти бул жактагылар «элдик дипломатия» деп аташты.
Талантбек мырзанын айтымында, Лискиден согуш учурунда эки баатыр чыккан. Алар: Петр Козлов менен Чолпонбай Түлөбердиев. Ушул эки баатырдын айкелин орнотууга райондук бийликтер 500 миң рубль акча бөлүшкөн.
Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен Замирбек Мамбетжунусов айкел тууралуу мындай дейт.
- Ак мраморго коюлган бронзадан жасалган бюст. Лиски районунда согуш учурунда курман болгон эки жоокерге тең коюлду. Иш-чарага, жок эле дегенде, 400-500 дөй адам катышты.
Бүгүн Советтер Союзунун баатыры Түлөбердиевдин айкелдери Кыргызстандан башка, Воронеж облусундагы эки айылда бар. Булардын катарын, ошентип, үчүнчү айкел толуктады.
Айкелдин ачылыш аземине жергиликтүү аксакалдар комитети, райондук, облусттук бийлик өкүлдөрү, Тамбов, Ростов, Курск жана башка шаарларда жашаган кыргызстандыктар, ал эми Кыргызстандын өзүнөн Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев баштаган делегация катышты.
Замирбек Мамбетжунусовдун айтымында, ушу тапта алар Орусиянын башка шаарларында курман болгон кыргызстандык баатырлардын айкелдерин орнотуу боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Төрөкул Дооров, Москва