Гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш чарасы эртең Улуттук госпиталда болот. Ага Улуттук госпиталдын, ЮСАИД уюмунун, Каунтерпарт Интернешнл программасынын өкүлдөрү катышат. Медициналык кызматтын деңгээлин көтөрүү максатын көздөгөн бул гуманитардык жардамды АКШ Кыргызстанга Каунтерпарт Интернешнл программасы аркылуу берип жатат. (BuS)