МАМЛЕКЕТТИК КАНАЛДЫ БАШКАРУУЧУ БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ КАНТИП КУРАЛУУДА?

«Азаттыктын» маектеши Эркин Кайымов, ЖК басма сөз кызматынын жетекчиси.
- Жогорку Кеңеш жарыялаган өзүнчө конкурска УТРКны башкаруучу органы 15 кишиден турган Байкоочу кеңешин түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүү башталды. Байкоочулар кеңешине 4-майга чейин президент тарабынан 10 киши, парламент тарабынан 10 киши, жарандык коом тарабынан 10 киши сунушталары белгилүү. Комитет аны иргейт дагы сессияга алып чыгат. Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү кандай критерийлер менен иргелип тандалмакчы?

- Байкоочулар кеңшинин мүчөлөрүнүн өзүнчө сапаттары болуш керек: аналитикалык жөндөмдүүлүгү, өзүнүн оюн жазуу, оозеки түрүндө жеткирип берүү, ошондой эле жарандар менен иштешүү жана жалпы коомчулуктун арыз-даттануулары менен иштөө. Ошондой эле финансылык отчет менен иштеш керек, андан тышкары документация менен гранттарды, кредиттерди тартуу боюнча, ага ылайык маалыматтарды түзүп, жазып, жеткирүү керек.

- Буга парламенттин депутаттары кирүүсү мүмкүнбү, дегеле кызмат ордундагы адамдар?

- Парламенттин депутаттары мыйзамга ылайык байкоочулар кеңешине мүчө боло албайт. Мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомчулуктан өкүлдөр тапшырат документтерин, бирок Байкоочулар кеңешине мүчөлүккө бекитилгенден кийин мамлекеттик кызматта иштөөгө мүмкүн эмес. Ошондой эле саясий партиянын жетечилик кызматында, жеке кызматта иштеп турган адамга да тыюу салынган. Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын кызматкери болуп иштөөгө бул мыйзам жол бербейт. Ошондой өзүнчө пунктары бар. Бирок бул маселе боюнча айрым бир түшүнбөстүктөр болуп атат, Байкоочулар кеңешине мүчөлүккө шайлангандан кийин гана ушул талаптар аткарылышы керек. Ага чейин Байкоочулар кеңешинин конкурсуна документтерди тапшыра берсе болот.

- Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү башка жумушта да иштесе болобу, же алар жалгыз гана ушул айлык маянаны алып, ушул эле жумушта иштөөгө укугу барбы?

- Азыр коомдук башталышта түзүлүп атат. Башка жумушта албетте иштей берсе болот. Бирок мыйзамда көргөзүлгөн пункттарга дал келбеш керек экен байкоочулар кеңешине бекитилгенден кийин гана.

- Бул адамдын журналисттик жаатта ишмердүүлүгү болуш керекпи, профессионалдык телерадио корпорацияны өзгөртүү үчүн журналисттик дагы билим керек да?

- Туура айтасыз. Бул жерде мамлекеттик телерадио корпорациясында гана иштебеши керек деген пункт бар экен. Ал эми журналистика боюнча иштей берсе болот болуш керек мыйзамга ылайык.

- Байкоочулар кеңешине көбүнесе саясий чөйрөдөгү адамдар кирип калса, анан ошолор коомдук телеканал аркылуу өзүлөрүнүн көз карашын таңуулайт, көз карашын таратат деген коркунуч бар да?

- Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан мыйзамга ылайык гана өзүбүздүн оюбузду айтып атабыз. Ал жагы албетте саясий дагы болуш керек деп ойлойм.

- 14-майда документтерди кабыл алуу боюнча акыркы күн экен. Президенттин коомдук телеканал түзүү жарлыгы 26-майда чыккан. Байкоочулар кеңешинин биринчи бир ай тегерегиндеги шашылыш түзүлүшү терең реформаларга мүмкүнчүлүк бербейт деген дагы божомолдор айтылып атат. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

- Менин оюмча бул жарлык биринчи кезекте телерадио компаниянын жоопкерчилигинде болуш керек. Себеби закон толугу менен телерадио корпорациясы тарабынан жүзөгө ашырылыш керек. Ал эми Байкоочулар кеңеши кандай иш алып барат, элдин суроо талабын кандай орундатып бере алат, ал деле телерадио корпорациянын ишине байланыштуу болот болуш керек. Телерадио корпорациясы тарабынан чечилет деп ойлойм.

- Маегиңизге ырахмат.