9-май-Жеңиш күнүнө байланыштуу чегара кызматы бүгүн Улуу Атамекендик согуш ардагерлерин куттуктады. Ардагерлерди куттуктоо иш чаралары ошондой эле бүгүн Бишкектеги жана жер-жерлердеги мамлекеттик мекемелер тарабынан уюштурулду. Быйылкы расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда согушка катышкан 68ОО дөн ашык ардагер бар. Мындан эки жыл илгери алардын саны 10 200 болчу. (BuS)