ОШ БАЗАРЫНЫН ЧАТАГЫНА ЧЕКИТ КОЮЛА ЭЛЕК

Бишкектеги Ош базарынын чыр-чатагы уланууда. 19-апрелде Бишкектин райондор аралык соту ал жерде соода сатык кылгандардын пайдасына чечим чыгарып берген, бирок аны базардын жетекчилиги аткарбай жатат. Буга нааразы болгондор мыйзамдуу талаптарын коюуну улантууда.
Ош базары 1999-жылы менчиктештирилип, жоопкерчилиги чектелген “Ош базары” бирикмеси болуп түзүлгөн. Сегиз жылдан кийин базарды түптөгөндөр базардын менчикке берилишинин мыйзамдуулугун териштирүү максатында сотко кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде райондор аралык сот даттануучулардын арызына таянып, чечим чыгарган.

Ага ылайык жоопкерчилиги чектелген “Ош базары” бирикмесин кайра каттоо тууралуу Адилет министрлигинин чечими жокко чыкты жана базардын мурунку жамаатына үлүштөрүн бөлүп берүү милдеттендирилген. Базардын мурунку кызматкерлеринин бири Ратбүбү Окенова сот чечими чыкканы менен, ал аткарылбай жатат дейт:

-Сот биздин пайдабызга чечим чыгарып берди, бирок ушу күнгө чейин биз базарга кире албай жатабыз. 19-апрелде соттун чечими күчүнө кирди, ал эми 29-апрелде биз “Ош базардын” жамаатына бардык, буга чейинки жана учурдагы жамаат менен чогулуш өткөрүп, бир чечимге келели деп барсак, бизди киргизбей коюшту.

Жоопкерчилиги чектелген “Ош базары” бирикмесинин маалымат катчысы Махабат Молдакулова соттун мындай чечимин адилетсиз деп эсептейт. Ал талаштын артында таасирдүү күчтөр турат деген ойдо:

- Бул жерде мыйзамсыз эле чечим болуп калды деп эсептейбиз. Бул маселе 1999-жылдан кийин үч жылдын ичинде каралышы керек эле. Эми булар сегиз жылдан кийин чыгып укуктары тууралуу айтып жатат. Буга чейин алар эмне кылып жүрдү? Биздин оюбузча буларды таасирдүү күчтөр алып чыгып, каржылап жатат.

Базардын мурунку жана учурдагы ээлеринин ортосундагы ушундай талаш тартыштан улам 2-майда Ош базарынын жашылча-жемиш саткан бөлүгү жабылган. Бир күн өтпөй эле ал кайрада ачылган. Базардын минтип кайра иштей баштаганына нааразы болгондор айрым адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүшүүдө.

Ошентип соттун чечимине макул болбогон “Ош базары” бирикмесинин учурдагы жетекчилиги адилеттүүлүк издеп, мамлекет жетекчилигине жана Жогорку Кеңешке кайрылмай болду.

Бул окуя боюнча биз Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкуловго кайрылдык, эл өкүлү кандай гана бүтүм болбосун соттун чечими аткарылыш керек деген ойдо:

- Эгерде бизде мүлккө байланыштуу ушундай чатактар көбөйүп кетсе, бул жалпы саясатка шек келтирет. Инвесторолор бул жерге иштесек, мыйзам жок турбайбы деп келбей коет. Соттун чечими аткарылбаганы үчүн бийликтин мыйзамдулуугу барбы деген суроо да туулуп калат. Ошону үчүн соттун чечими аткарылыш керек. Эл да ага көнүш керек,- деди Айдарбек Керимкулов.