Быйыл ветеринария тармагына бюджеттен каражат абдан аз каралгандыктан жугуштуу ылаңдардын жайылып кетиш коркунучу күч. Малдын дээрлик көпчүлүгүнүн кыштан арык чыккандыгынан улам да жугуштуу ылаңдарга каршы алдынала берилген вакциналар таасир этпеши ыктымал.
Кыргызстанда быйыл бир эле шарп ылаңын эмес, жалпы жугуштуу ылаңдарды толук четтетүү, алардын алдыналуу мүмкүн болбой аткандыгынын себеп-жөнүн Айылчарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы деректири Талантбек Узакбаев каржынын мурдагыдан да аздыгы менен байланыштырды. Анын айтуусунда, вакциналар да жетишсиз. Мамлекеттик ветеринарияга быйыл бюджеттен болгону 40 млн. сом каралыптыр. Анын 17 миллиону ветеринардык-карантиндик кызматы үчүн милицияга кетет. Өткөн жылы 48 млн. сом, аркы жылы 54 млн. сом бөлүнгөн экен.
Ушул жазда түштүк облустарында шарп ылаңы кыйла коркунуч туудурганы ырас. Ага байланыштуу Түштүк региондук ветеринария башкармасынын начальниги Жамгырчы Бектаев соңку маалыматтарды берди:
- Токтогулда 70ке жакын мал шарп ылаңы менен ооруган. Азыр айыгып баратат. Үч-төрт күндөн кийин ылаң сакайды деп бүтүм чыгарабыз. Баткен тарапта Тажикстан менен чектеш жерлерден чыгып атат.Ал жакта да иш оң жагына ооду. 78 баш мал ооруду деп катталды эле, азыр 30 чактысы гана калды.
Эмне үчүн ушу шарп сыяктуу ылаңдарды Кыргызстандын малы көбүнчө Тажикстан менен Өзбекстандын малынан жуктурат? Маектешибиздин айтуусунда, аталган республикаларда коомдук мал да бар. Менчик малга эмдөө көбүнчө жүргүзүлбөйт жана жайыт жетишсиз болгондуктан ээлери Кыргызстандын чегине алып өтүп багып келүүгө аракеттенишет. Натыйжада ылаңды жугузушат.
Апрель айында эле Өзбекстан менен Тажикстандын Кыргызстан чегарасына жашырыкча айдалып өтпараткан 800дөй кою кармалып, бажы терминалына алпарылган. Тиешелүү жазана салынып, анан ээлерине кайтарылган. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, Жамгырчы Бектаевдин айтуусунда, Кыргызстандын малына ошол шарпка, башка жугуштуу ылаңдарга каршы сайылган вакциналар таасир этпеши мүмкүн. Анткени 50 пайыздан ашык мал жаздан көтөрүм акыбалында чыгат. Ал эми андай арык малга вакцина таасир этпейт. Маселен, шарпка каршы сайылган вакцина 80 пайыз малга таасир этиш керек болсо, мал азыркындай арык болгону үчүн 20 пайыз гана оң таасир бериши ыктымал.
Андыктан быйыл да шарп, кара сан, сибир кулгунасы, кутурма сыяктуу мал ылаңдарынан чоң коркунуч бар экендигин Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы деректири Талантбек Узакбаев ачык айтты.
Адис ветеринарлар айыл-кыштактарда жетишсиз болгондуктан бир катар айылдардагы кесиптик техникалык окуу жайларында ошо ветеринарлардын чакан тобун даярдоого аракеттер жүрүүдө. Бирок, алар мал эмдөө, жөнөкөй ыкмада дарылоо менен гана чектелишерин белгилей кетели.