ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА АНДАГЫ ЖЕҢИШ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР ДАГЫ ЭЛЕ АР БАШКА

Нарын АЙЫП, Прага 9-май күнү мурдагы советтик жумурияттар Жеңиш күнүн белгилейт, көптөгөн адамдар үчүн ал ыйык майрам. Анткен менен быйылкы майрам алдында Маскөө менен Таллинн оросунда пайда болгон араздашуу - согуш жана жеңиш жөнүндө батыш маалымат каражаттарында көптөгөн ой-пикир жаратты.
Орусия бийлиги Жеңиш күнүн майрамдоону пропаганда катары пайдаланып, фашизмдин үстүнөн болгон жеңиш тууралуу эч кандай ача пикир болбош керек деген турумда. Аны менен катар Балтик жээгиндеги жумурияттардын элин дагы түшүнсө болот - 1944-жылы Кызыл армия аларды немис нацисттеринен бошоткондон кийин алар үчүн фашисттик оккупация кайрадан советтик оторчулук менен алмаштырылган.

Эстониянын мурдагы премьер-министри Март Лаардын айтымында, Советтик армия Таллинн шаарына 1944-жылдын 22-сентябрында киргенге чейин эле эстониялыктар немистерге каршы согушуп, аларды шаардан кууп чыккан. Кызыл аскер келгенде болсо, өкмөт үйүнүн үстүнөн фашисттик желекти эмес, Эстониянын улуттук туусун түшүрүп, анын ордуна кызыл туу орноткон. Башка эксперттердин айтымында, Советтик армиянын Таллиннге жакындап келатканы болбогондо, немис аскерлери шаардан чыгып кетпейт болчу.

Андан төрт жыл мурда болсо, СССР менен фашисттик Алмания ортосунда түзүлгөн Молотов-Риббентроп пактынын негизинде эгемендүү Латвия, Литва жана Эстония СССРдин курамына кошулган, ошондуктан Балтик элдери үчүн борбор калаанын борборунда советтик аскерге арналган эстеликтин турганы алардын намысына тийгендик.

Эстониянын айтымында, Таллинндеги эстеликтин жанына акыркы жылдарда 9-май күнү орус улутчулдары чогулуп, антиэстониялык митингдерди өткөрүүнү салт кылып алган. Ошондуктан ал эстелик жана анын алдында көмүлгөн адамдардын сөөгү шаардын чет жагындагы аскерий мүрзөгө көчүрүлдү. Маскөө болсо ага өтө катуу жооп берип, өлкө парламенти - Эстония менен дипломатиялык мамилени үзүш керек деп да чыкты. Ошол эле мезгилде Орусиянын өзүндө көптөгөн андай эстелик жок кылынып, Экинчи дүйнөлүк согуштан калган мүрзөлөр көчүрүлүп жаткан фактылар көп.

Эстония жана башка Балтик жумурияттары Маскөөдөн - 50 жылдык оккупация үчүн кечирим суроону талап кылууда. Кошуна Польша дагы - советтик коопсуздук кызматы 1940-жылы Катынь токоюнда миңдеген мыкты польшалык офицерлерди атып өлтүрүп, аны кийин немис нацисттерине шылтап келгени үчүн кечирим суроону талап кылып келет. Украинанын батыш аймактарында Экинчи дүйнөлүк согушка чейин эле советтик бийликке каршы күрөш токтогон эмес, бирок согуштан кийин алардын баары кылмышкер деп жарыяланып, куугунтукталган.

Лондон шаарындагы Славян жана Чыгыш Европа маселелерин изилдеген институттун эксперти Ричард Моулдун айтымында, Маскөө өз айтканынан кайтпай, СССР тарыхына баа берүүдө ийкемдүүлүк кылмайынча, маселелер чыга берет: "Мурдагы СССРдин курамына кирген орус эмес көптөгөн жумурияттын элдери тарыхты кайра карап чыгып, аны башка көз караш менен чагылдырууда. Латвия, Грузия жана башка жумурияттарда советтик оккупациянын музейлери пайда болду. Бирок Орусия андай кадамга баргысы жок. Ошондуктан, менин оюмча, дагы жаңы маселелер чыгышы мүмкүн", - дейт британиялык тарыхчы.