Чеченстандын аймагындагы соңку уруштарда кеминде милициянын үч кызматкери жана үч согушкер мерт болду

Чеченстандын ички иштер министрлигинин өкүлүнүн бүгүнкү маалыматына караганда, окуя Ведено районундагы кыштактардын биринде орун алды. Чеченстанда акыркы кездери ушуга окшогон көрүнүштөр дээрлик күн сайын орун алууда.