11:56 Отуз адыр шайлоо чөлкөмүндө экинчи айлампада добуш берүү болот

Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды. Ал үчүн 9-майга чейин шайлоо бюллетендери даярдалуусу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, аталган чөлкөм боюнча шайлоо ушул жылдын жыйырма тогузунчу апрелинде өткөн. Ага калктын катышуусу 57,78 пайызды түзгөн. (AiJu)