Камерунда Боинг-737 учагы кырсыкка учурады

Камерундун түштүгүндө Кения аба жолдору компаниясына таандык Боинг-737 учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Камерундун мамлекеттик радиосу маалымдады. Анын бортунда 115 киши бар болчу. Компаниянын расмий өкүлү Титус Наикуну мурдараак билиргендей, учак Кот д Ивуардан Дуала шаары аркылуу Найробиге бараткан. Байланыш учак асманга көтөрүлгөндөн көп узабай үзүлүп калган.
Анда 106 жүргүнчү жана команданын 9 мүчөсү бар болчу.