14:30 Элдик жыйын кайрылуу кабыл алды

Бүгүн Байтик айлында өткөн элдик жыйындын катышуучулары жалпы кыргыз элине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда президент Курманбек Бакиевдин19-апрелде митингчилерди атайын максат менен күч колдонуп таратканына колдоо көрсөткөн премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү толугу менен кызматтан кетүүсү, бир айдын ичинде мамлекеттеги алдыңкы саясий күчтөрдүн катышуусу менен улуттук макулдашууга негизделген коалициялык өкмөт түзүлүүсү талап кылынган. Ошондой эле Нарында милициянын камерасында каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүнө саясий баа берилүүсү жана апрель митингинин уюштуруучулары менен катышуучуларына саясий куугунтукту жана күч көрсөтүүнү токтотуу талаптары да коюлган.