11:40 Бермет Акаева Чүй облустук прокуратурасында сурак берип жатат

Мындай маалыматты Бермет Акаеванын ишенимдүү өкүлү Элмира Саримова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда экс-президенттин кызына прокуратура тарабынан чакыруу кагазы кечээ берилген, бүгүн расмий түрдө массалык баш-аламандык уюштурган деген күнөө коюлду. Суракка Бермет Акаеванын адвокаты Икрамидин Айткулов да катышууда.