Ереванда оппозиция тарапкерлеринин митиндери өтүп жатат

ЕРЕВАН. Армениянын баш калаасында алдыда боло турган парламенттик шайлоодо алдамчылыкка жана көз бойомочулукка жол бербөөнү талап кылган демонстрациялар өтүп жатат. Демонстранттар ошондой эле премьер Роберт Кочарянга импичмент жарыялоого чакырып жатышат. Расмий маалыматтар боюнча митингдерге 5 миң, ал эми оппозициянын айтымында 13 миң киши катышууда.