Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 6-майдан 9-майга чейин нөшөрлөгөн жаандан улам Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлүүдө.

5-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25 градус
Таласта түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27 градус.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус.