Жол тосуу акциясына Барскоон кырсыгынан жапа чеккен Ысыккөлдүн Барскоон, Тосор, Чоңжаргылчак жана Тамга айылдарынын тургундары катышаары күтүлүүдө. Ага Кумтөр алтынын иштетип жаткан «Центерра голд» компаниясы 1998-жылкы кырсыктан жабыр тарткандардын чыгымын толук төлөбөй жатышы себеп болууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү «Карек» бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева билдирди. (SM)