Ассоциациянын төрагасы Пак Чан Сок менен Эднан Карабаевдин бүгүнкү жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта кызматташуу маселелери талкууланды. Анын ичинде Түштүк Кореянын элчилигин Кыргызстанда ачуу, кыргыз эмгек мигранттарын Кореяга жиберүү, эки өлкөнүн ортосунда аба каттамдарын камсыздоо жөнүндө сөз болгон.Бул тууралуу тышкы иштер министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)