БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия Иран атомдук программасын токтоптой турган болсо, ага каршы жаңы санкциялар киргизилерин билдирди. АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Германия кечээ Лондондо жолугушуп, Ирандын өзөктүк программасын талкууга алышкан. Мындан мурун президент Махмуд Ахмадинежад Иран өзөктүк программасын токтотпойт жана ага тоскоол болгондорго жооп берүүгө даяр деп айткан.