НАЗАРБАЕВДИН “НАЗАЛЬГИНИ»

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин шашылыш, болгондо да Б.Ельцинди жерге берүү зыйнатына барып, Путин менен бирге маркумдун үйбүлөсүнө көңүл айтып, бирок «топурак» салганга күтпөстөн Кыргызстанга учуп келип-кетиши тууралуу ар кандай көз караштагы ой-пикирлер мындан ары арбын айтыла турган өңдөнүп калды.
Маселен, «Де-факто» гезити аркылуу белгилүү саясат таануучу Зайнидин Курманов, казак президентин өз эли үчүн көп жакшылыктарды жасап жаткан саясатчы катары балаганы менен анын кыргыз бийлигине берген «рецептери» Кыргызстанга туура келбестигин, учурунда ушул эле Назарбаев, Каримов Акаевге устат болуп жүрүп, аягында шакирти өз өлкөсүн таштай качканын… Негизинен Назарбаев Кыргызстанга казактардын улуттук кызыкчылыгы үчүн келгенин, ЖК өткөрбөй атыптыр деп пансионаттар үчүн нааразы болгонун, миллиарддаган доллар келмек деп кыргыз тарапты сала-сал кылганын, чын-чынына келгенде анын Акаев менен кудай кошкон кудалык жиби үзүлгөндөн кийин таарынып, инвестиция бербей келгенин айткысы келбегенин, эң башкысы Назарбаев, Каримов өңдүүлөр эч качан демократ болушпаганын, мындай инсандардын келип-кетиши бийлик башындагы адамды туура эмес жолго түртөрүн, андыктан Бакиев азыркы кырдаалды өз колуна алып, оппозиция менен мамилени таза барактан баштап, эл талап кылып келаткан реформаны ишке ашырганы оң болорун, дагы эле алдап кетүүгө, кууланууга эми эл тургай мезгил да чыдабай тургандыгын айтты.

Ушул эле маселеге «Айкын» гезити да макала арнады. Казак президентинин Ысык-Көлгө өзгөчө кызыкканын белгилеген гезит, ал узак жылдарга көл жээгиндеги аймактарды сатып алгысы келгенин, кыргыз бийлиги Назарбаевдин айткандарына «хоп майли!» деп баш ийкеп турганын, ырас, Кыргызстанга инвесторлор керектигин, бирок бүт эле көл жээгин казактарга сата берүү акыр-аягында ошол көл элине орду толгус кордукту алып келерин… Айтор эки тизгин-бир чылбырды өктөмдүк кылган өлкөлөргө кармата коймой, ар кимге жетеленмей саясаттан кутулмайын Кыргызстан оңолбой турганын, ошондуктан бийлик тизгинин коңшуларга карматкандан көрө өз элине карматкан, өзгөгөгө таянбай өз элине таянган бийлик гана күчтүү, ишенимдүү болорун жазды.

«Апта» гезити аркылуу өткөн окуяларга баа берген мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов 11-апрелдеги митинг саясатчыларга да, бийликке да, элге да чоң сабак болгонун, биринчиден-калың эл ишенип, ээрчип колдобосо оппозиция да, бийлик да өлкө абалын оңдой албастыгын даана көрсөткөнүн, экинчиден- өлкө тагдырын 20-30 саясатчы чечип көнгөн адатка чекит коюлганын, үчүнчүдөн- демагогия, популизмге мындан ары эл алданбай калганын, төртүнчүдөн- утурумдук саясый ураан, чакырыктарга эл ишенбесин, элди ээрчитиш үчүн улуу идеялар керектигин, мындай улуу идея кыргыз элинин байыркы тарыхында, ата-бабалар калтырган бай мурастарда жаткананын баяндады.

Мындан тышкары «Де-факто» гезити мындан эки жыл мурда эгиз уулдарынын атын Бакиев-Кулов тандемине байланыштуу биринин-Курманбек, бирин-Феликс деп атаган Назгүлдүн жети жылдан бери кафелерде ырдап жан багып келатканын, балдардын атасы үйбүлөсүн таштап кетип калганын, Феликси эт жегенди жек көрсө, Курманбеги тамакты тандабай жээрин, жалгыз эненин учурдагы кыйын абалын кеп кылды. «Айкын» гезити К.Бакиевдин мыкты саясатчы экендигин, ал Текебаев, Кулов, Атамбаев, Үсөнов, Мадумаров, Бекназаров өңдүү атаандаштарынын кадыр-баркын калк алдында кантип түшүргөнүн жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Бишкек