Өзбек журналисти Умида Ниязова жети жылга эркинен ажыратылды

Мындай чечимди кечээ Ташкент шаардык соту чыгарды. Көз карандысыз журналист чек араны мыйзамсыз өткөнү жана контрабандалык жол менен тыюу салынга адабиятты алып киргени үчүн күнөлүү деп табылды. Ниязовага доо-арыз менен кайрылууга 10 күн берилди. Эларалык укук коргоо уюмдары журналист үстүндөгү сот иши “саясий себептер” үчүн ачылганын билдирип келишет.