ИРАКТАГЫ КООПСУЗДУК КОҢШУЛАРДЫН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Ирактагы коопсуздук боюнча ушул аптада Мисирде өткөнү жаткан эл аралык конференцияга Иран да катышууга макул болгону жыйындын маанисин арттырган жаңылык болду. Тегерандан Мисирдеги Шарм Эл-Шейх курортуна өлкөнүн тышкы иштер министри бармай болду, конференция маалында Иран менен АКШнын ырасмий өкүлдөрү өз ара соңку 30 жыл ичинде алгачкы ирет сүйлөшүү өткөрүшү мүмкүн.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Америкалык Эй-Би-Си телеканалынын программасында Мисирдеги конференция маалында Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен жолугуп сүйлөшүшү ыктымал деген жоромолду четке каккан жок. Ошол эле маалда Тегеран менен бардык байланыштар Ирак, ага коңшулаш өлкөлөр жана башка кызыкдар тараптар Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу ишине кандай салым кошо алат деген маселеге гана арналат деп белгилей кетти. АКШ менен Ирандын ортосунда дипломатиялык алакалар токтотулган, орто деңгээлдеги ырасмий адамдар март айында Багдадда өткөн Ирак боюнча конференция учурунда кездешип баарлашкан.

Ирандын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Ларижани 30-апрелде Багдадда Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари менен жолугушкандан кийин кабарчыларга буларды маалымдады.

- Биз Шарм Эл-Шейхте өтө турган конференцияны да сөз кылдык. Эки тарап бул маселеде өз ара кызматташып, Ирак өкмөтү коңшулары менен байланыштарынан пайда табышы керек деген көз карашты бышыктадык.

Вашингтондо мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын улук кеңешчиси Дэвид Саттерфиелд Мисирдеги конференциянын алгачкы күнүндө ырасмий Багдад менен макулдашылган Ирактын фундаменталдык экономикалык, соода, структуралык реформаларын камтыган документ таратылаарын кабарлады.

- Бул документ Иракты бизнести жана бардык иштерди ачык жүргүзүү жолуна салат. Аталган документ Ирактын коңшулары, Жакынкы Чыгыш чөлкөмү жана бүткүл эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынат деп ишенебиз.

Мисирдеги Шарм Эл-Шейх курортунда өтө турган конференциянын алгачкы күнү ошентип, Ирактын болочок стратегиясы талкууланса, экинчи күнү коңшулар менен алакалар, Багдаддын Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер жана жалпы эл аралык коомчулук менен мамиле-катышы сөз болмокчу. Жыйынга Жакынкы Чыгыштагы көпчүлүк өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, Улуттар уюму менен Евробиримдиктин бийик өкүлдөрү катышат, талкууга Ирактын премьер министри Нури ал-Малики менен Улуттар уюмунун баш катчысы Бан Ги Мун теңтөрагалык кылаары белгиленген.