Нарын АЙЫП, Прага 3-майда дүйнөдө Сөз эркиндигинин эл аралык күнү белгиленет. Аны утурлай, америкалык "Фридом хаус" уюму 1-май күнү дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча кезектеги отчет жарыялады.
Отчет 2006-жылдагы окуяларды камтыйт жана анын авторлорунун айтымында, мындан бир нече жыл мурда башталган терс көрүнүштөр былтыр дагы уланды. Орусия, Казакстан жана Азербайжан сыяктуу мамлекеттерде басма сөз эркиндиги бир кыйла кыскарды, ал эми Түркмөнстан мурдагыдай эле - Мианма, Куба, Ливия жана Түндүк Корея менен кошо дүйнөдөгү эң катаал мамлекеттердин катарына кирет. Өзбекстан менен Беларустагы абал болсо андан анча-мынча эле жеңилирээк.
Бардыгы болуп дүйнөдөгү 195 мамлекет жана аймак изилденип чыккан. Жалпысынан алганда, 63 мамлекет "эркин эмес", 58 өлкө "салыштырмалуу эркин" жана 74 мамлекет "эркин" деп табылган. Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен үч Балтика жумурияты гана "эркин" деп мүнөздөлгөн, Эстониядагы абал болсо - Алманиядагы менен бирдей жана АКШдагыдан жакшы деп табылган. "Салыштырмалуу эркин" деп Грузия менен Украинадагы абал гана аталган, Шериктештикке кирген башка жумурияттардын баары, былтыркыдай эле, "эркин эмес" болуп чыкты.
Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында "Фридом хаус" Кыргызстандагы абалды "салыштырмалуу эркин" деп мүнөздөп келген жана ошол себептен өлкө "демократиянын аралы" деп атала баштаган, бирок 1990-жылдардын орто ченинен тартып өлкө жетекчилери журналисттер жана гезит-журналдар менен соттошо баштагандан бери Кыргызстан такай "эркин эмес" өлкөлөр катарына кошулат. Президент Борис Ельциндин учурунда Орусия дагы кыска мөөнөткө "салыштырмалуу эркин" өлкөлөр тобуна кирген, бирок бийликке Владимир Путин келгенден бери андагы абал "эркин эмес" деп мүнөздөлөт.
Быйылкы отчеттө дүйнөдөгү эң эркин мамлекеттер деп Финляндия менен Исландия аталган, аларга жакын топко Белгия, Дания, Норвегия жана Швеция кирген. "Фридом хаустун" изилдөөлөр боюнча деректири Кристофер Уокер "Азаттыктын" Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастевке интервью бергенде, Кыргызстан же Орусия сыяктуу өлкөлөрдөгү басма сөз эркиндиги боюнча абал былтыр начарлаганын белгиледи:
"Өткөн жылдагы абалды карап көрсөк, бир катар өлкөдөгү жагдай мурдагыга караганда начарлады. Андай мамлекеттердин арасына биз Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус жана Орусияны коштук", - дейт Уокер.
Борбор Азиядагы абалды жалпысынан алганда болсо, өкмөттүк көзөмөл күчөп баратканын көрсө болот: "Борбор Азиядагы маалымат каражаттарынын эң негизгиси сыналгы жана ар бир өлкөдө өкмөт сыналгыны тикелей мамлекеттик же президеттин үй-бүлө мүчөлөрү катышкан кандайдыр бир холдингдер аркылуу көзөмөлгө алууга аракеттенет. Аны менен саясий мааниге ээ маалымат калктын кеңири катмарыларына жетпеген абал түзүлүүдө, ошондуктан көзөмөл күчөп баратат деп айса болот. Ошондой эле көзөмөл башка маалымат каражаттарына дагы тарап бартканын байкайсың", - деп билдирди Уокер.