Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамы Кеминде көчмө жыйын өткөрүү үчүн жолго чыгышты. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.Түшкө чейин БШКнын беш мүчөсү №57 Кемин округундагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жеринде чакан жыйын өткөрмөк. Бирок аймактык комиссиянын төрагасы жана участкалык комиссия жетекчилери менен алардын катчылары жыйынга келбегендиктен БШКнын мүчөлөрү окружкомдун протоколдорун, документтерин алышып Бишкекке кетишкен. (AJ)