АКШ жетектеген коалициялык күчтөр соңку күндөр ичинде Ооганстандын Герат провинциясында 130дан ашуун талип согушкерин өлтүргөнү кабарланды. Дүйшөмбүдө бирок Гераттагы Шинданд районунда 1000 чакты жергиликтүү тургун америкалык аскерлер карапайым жашоочуларды өлтүрдү деп нааразылык акциясына чыгышты.
АКШ жетектеген коалициялык күчтөр билдиргендей, Герат провинциясында жарым күн ичинде 87 шектүү талибан согушкери жок кылынган. Коалициялык күчтөрдүн басма сөз өкүлү Крис Белчер жекшембиде согушкерлер гранатомет, автоматтардан аткылагандан кийин коалициялык күчтөр ооган полициясынын коштоосунда аларга чабуул коюп, Шинданд районунун тегерегине абадан сокку урулганын айтат.
- Талибан лашкерлери качууга аракет кылганда, аларга согуштук тикучактан ок жаадырылып, дарыянын эки жагында 26 талип согушкери тындым болду. Бул күнү душмандын 7 түйүнү кыйратылып, 14 саат ичинде 87 талип согушкери жок кылынды.
Андан эки күн мурдараак коалициялык күчтөр ушул эле провинцияда 49 согушкер өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Ал операция маалында бир АКШ аскери набыт болгон. Талибан кыймылы бул кабарларды азырынча комментарийлеген жок, бирок Герат провинциясындагы Шинданд районунун 1000дей тургуну дүйшөмбүдө жергиликтүү акимчиликтин алдына чогулуп, карапайым тургундар жабыр тартып жаткан аба соккуларын жана бардык чабуулдарды токтотууну талап кылышты.
- Бул жердеги демонстрацияга Ачикзай, Барекзай, Нурзай урууларынын өкүлдөрү, тажиктер келишти. Биз өкмөткө каршы чыгып, бардык чабуулдарды токтотууну талап кылып жатабыз. Аскердик операция токтотулбаса, Гератка чейин барабыз.
Демонстрацияга чогулгандар акимчиликтин имаратын өрттөйбүз деп коркутуп, аны басып алууга аракет кылышты. Албууттанган эл аба соккулары токтотулмайынча нааразылык акциясы улана берет деп эскертти. Аларга жолукканы барган Герат провинциясынын полиция башчысы аскердик операцияларга ооган полициясы катышууда деген маалыматты четке какты. Иран менен чектеш Герат провинциясы буга чейин башка аймактарга салыштырмалуу тынч провинция эсептелчү. 30-апрелде таңга маал Гелманд чөлкөмүндө да 3000дей колдон куралган коалициялык күчтөр менен ооган аскерлеринин биргелешкен операциясы башталды. Дүйнөдөгү мыйзамсыз апийимдин 90%ын камсыздаган ооган апийиминин жарымына жакына дал ушул Гелманд провинциясында өстүрүлөт.