15:20 Т.Исмаилова: Кеминдеги шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү

№57 Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү 29-апрелде болуп өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгонуна байланыштуу жараксыз деп табылсын, деген кайрылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жолдонду. Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору менен “Кылым шамы” бейөкмөт уюму өткөргөн маалымат жыйынында айтылды. Маалыматка караганда шайлоо участкаларынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоо Кодексин одоно бузуп, административдик ресурстар колдонулуп, тартип коргоо кызматынын өкүлдөрү шайлоого кийлигишкен. (AJ)