13:40 Мамкатчы ЕККУнун парламенттик делегациясы менен жолугушту

ЕККУ Борбор Азия аймагындагы өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтүү ниетинде. Бул тууралуу ЕККУнун парламенттик делегациясынын башчысы Геран Леннмаркер бүгүн мамкатчы Адахан Мадумаров менен жолугушууда билдирди. Өз сөзүндө Мадумаров 1992-жылдан бери Кыргызстан ЕККУ менен тыгыз байланышта экендигин, аталган уюм өлкөгө пайдалуу бир катар долбоорлорду ишке ашырганын белгиледи. (AJ)