АКШ жана Ирандын өкүлдөрү Ирак конференциясында жолугушушу мүмкүн

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдиргендей, ал Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүүсү мүмкүн. Бирок Райстын айтымында, жолугушууда Тегеран менен Вашингтондун алакалары эмес, Ирактагы абалды стабилдештирүү маселеси гана талкууга алынат. Ирактын коопсуздугуна арналган эл аралык конференция 3-4 май күндөрү Мисирде өтмөкчү.