Эстонияда советтик жоокердин эстелигин бейитке орнотуу иштери тездетилүүдө

Бийликтер эстеликти жана экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлер коюлган көрүстөндү которуунун жадыбалын жарыялап, нааразы болгондорду тынчытууга аракеттенүүдө. Эстеликти орнотуу иштери кечээ башталып, бүгүн аякташы күтүлүүдө. Эстелик Таллиндин борборунан жума күнү которула баштап, эки күндүк баш аламандыкка алып келген. Кагылышуулардан бир адам каза таап, 150 киши жараат алган.