7:00 БШК бүгүн Кемин жана Отузадыр округдарындагы шайлоонун жыйынтыгын жарыялашы күтүлүүдө

Добуш берүү бүткөндөн кийинки маалыматтар боюнча, Кеминде тизмедеги жалпы шайлоочулардын 55, Отузадырда 57 пайыздан ашыгыраагы шайлоого катышты. Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн Кеминден 13, Отузадырдан 6 талапкер ат салышты. Шайлоо негизинен тынч өтүп, добуш берүү учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгону тууралуу арыз-даттануулар болгон эмес. Бул тууралуу кечээ кечинде БШКдан кабарлашты. (SM)