Ишемби күнү өкмөттүн жыйыны болду. Анда Ташкөмүрдөгү «Кристалл» ишканасын мамлекетке кайтаруу жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. Эми долбоор парламентке жолдонмокчу.
Өкмөттүн жыйынында Ташкөмүрдөгү «Кристалл» ишканасынан сырткары быйылкы жылдын үч айындагы экономикалык өсүш, Кочкор, Баткендеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана 9-май жеңиш күнүнө даярдык көрүү каралды. Премьер-министр Алмаз Атамбаев үч ай ичиндеги өсүш тууралуу буларды маалымдады:
- Биринчи үч айлыкта өлкө жаман эмес иштеди. Ички дүн продукту өткөн жылга салыштырмалуу 7.3% өстү. Бул өсүштү бекемдеш үчүн план кабыл алып, аны жыл бою төмөндөтпөөгө аракет жасап жатабыз.
Кумтөрдү кошпогондо өлкөнүн экономикасы 9% ашуунга өсүш берген. Бирок каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымына караганда, эгерде парламент 1-июлга чейин өкмөттүн экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун кабыл алып бербесе, анда жылдык өсүштү 8%га жеткирүү кыйын болуп калат.
Өкмөттүн ишембидеги жыйынында Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүчтөр чыгаруучу «Кристалл» ишканасын мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Анын себебин премьер-министр Алмаз Атамбаев айтып берди:
- Биздин райондор аралык соттун чечими «Кристалл» боюнча өкмөттүн буга чейинки токтомун жокко чыгарууда. Ошондуктан биздин юристер иштеп, бул абалдан чыгуунун жолун тапты. Ал «Кристалл» ишканасын толук мамлекетке кайтаруу. Бүгүн ага тийиштүү мыйзам долбоорун жактырдык. Буга эмне себептен барып жатабыз? Бул заводко 40-50 миллион доллар салсак, бир-бир жарым жылдан кийин мындай завод 500 миллион доллар турат.
Эми бул мыйзам Жогорку Кеңешке жолдонот. Парламент ал долбоорду колдойт деген пикирин депутат Осмон Артыкбаев билдирди:
- Эгерде «Кристаллды» мамлекеттик менчигинде калтыра турган мыйзам келсе, биз муну колдойбуз. Себеби менчиктештирип жаткан компания заводду аз эле акчага алып алабыз деп, мыйзам бузуу жолуна түштү. Биз андай иштерди колдобойбуз.
Өкмөт жыйынында Баткен, Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу маселеси да каралды. Премьер-министрдин билдирүүсүнө караганда, жакынкы күндөрдө жабыркаган элге жардам жете баштайт.