Кыргызстандын Жогорку Соту бүгүн экс-президенттин кызы Бермет Акаева депутаттык шайлоого талапкер катары катыша албайт деген чечим чыгарды. Бермет Акаеваны мындан мурда Кемин райондук соту анын атаандаштарынын арызы боюнча Кыргызстанда шайлоо алдында туруктуу беш жыл жашаган эмес деген негизде депутаттык жарыштан чыгарып салган. Бир эле учурда ага шайлоочуларга акча таратты деген дооматтар коюлган. Бирок сот бул айыптоо боюнча ишти караган эмес. Бермет Акаева Кемин райондук сотунун чечимине макул болбой талашып Жогорку Сотко арыз жолдогон. Жогорку Сот мурдакы инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, Бермет Акаеваны шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажыратты. Кемин шайлоо чөлкөмүндө депутаттык шайлоо 29-апрелде болот. Бермет Акаева Жогорку Соттун чечимин мыйзамсыз адилетсиз чечим деп билдирди. Ал сот чечимин Кыргызстанда адам укуктары сакталбай тебеленип жатканын ырастаган көрүнүш катары белгилеп, ушуну менен тим калбай, акыйкаттык көздөп адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдарга арыздана турганын айтты. Бермет Акаева ушуну менен депутаттык шайлоого экинчи ирет катышмакчы болгон. Ал биринчи жолу 2005-жылы атасы президент болуп турганда парламентке мүчө болуп шайланган. Кыргызстанда март айында бийлик алмашып, президент Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Бермет Акаеванын ишин Жогорку Сот карап, аны шайлоодо таза жеңбей, мыйзам бузуулар менен өткөн деп депутаттык мандатын алып койгон. (KCh)