12:15 Барскоондуктар эртең Бишкек-Кумтөр автожолун тоскону жатышат

Алар Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык компания менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылкы башкы макулдашууну кайра кароо талабын коюшат. («Карек» бейөкмөт уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоеванын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жергиликтүү калктын бул кадамга барышына узак мезгилден бери козголуп келаткан бул маселеге Кумтөр ишканасынын маани бербей жатышы түрткү болууда. Бул акцияга Барскоон, Тамга, Кичижаргылчак, Чоңжаргылчак, Тосор айылдарынын тургундары катышат дейт Иманкожоева.BuS)