АКШ Сенаты Ирактан аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн аныктаган мыйзамды колдоду

Америкалык аскерий контингентти Ирактан 2008-жылдын 1-октябрына чейин чыгарып бүтүүнү караган мыйзам кечээ Сенатта беш добуш артыкчылыгы менен кабыл алынды. Ирактагы аскерлерди каржылоону так мөөнөт менен байлаган мыйзамды Конгресстин эл өкүлдөр жыйыны шаршемби күнү кабыл алды. Жорж Буштун өкүлү президент бул мыйзамга вето коерун билдирди.