8:50 «Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун үйүнө милиция тинтүү жасады

Мындай маалыматты «Азаттыкка» бүгүн эртең менен аталган гезиттин башкы редактору Арстанбек Дүйшөмбүев өзү тастыктады. Анын айтымында, кечээ Биринчи май райондук прокуратурасынын санкциясы менен келген ички иштер кызматкерлери анын үйүнөн курал, документтерди издешкен. Алар арыз түшкөнүн айтып, бирок тинтүүнүн себептерин конкреттүү түрдө түшүндүрүп бере алган эмес. Башкы редактор ошондой эле түшүнүксүз жагдайдагы бул тинтүүнүн себептерин иликтөөгө аракеттер көрүлөөрүн коушмчалады. Оппозициялык маанайдагы «Кыргыз руху» гезитинин 20-апрелде жарыкка чыкчу санынын бардык нускасы «Агым» гезити менен кошо күч органдарынын өкүлдөрү тарабынан камакка алынганы буга чейин кабарланган.(SM)