КОРЕЯНЫ ЧУУ КЫЛГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК “СПОРТЧУЛАР” ТАБЫЛА ЭЛЕК

Түштүк Кореяда өтүп жаткан ыргыган бута атуу дүйнө чемпионатына катышууну шылтоолоп барып, ушул өлкөдө калып калган кыргызстандык 19 атуулдан бир аял миграция кызматына кармалып, калган он сегизи издөөдө жүрөт. Атажуртунан алыска аргасыз иш издеп барып, мыйзамсыз калып калган мекендештер миндеп саналат. Ушул Түштүк Кореяга барып, миграция кызматын дүрбөлөңгө салып жаткандарды кимдер жиберген, алар кандай максаттар менен барышкан?
Учурда чет өлкөлөрдөн, айрыкча Түштүк Кореядан жумуш таап берүүнү сунуштаган далдалчы фирмалар ондоп саналат. Ал түгүл чет өлкөлүк жигиттер менен тааныштырып, сыртынан тон бычып үйлөнүүнү сунуштагандары да бар.

Ушундай шылуун фирмалардын бири Түштүк Кореяда ыргыган бута атуу боюнча дүйнө чемпионаты өтөөрүн иликтеп, бул өлкөгө барууга зар болуп жүргөн 19 атуулдан ар биринен 3.5 миң долларга чукул каражат алып, аларды спортчу деген жалган документ менен Пусан шаарына 16-апрелде жөнөтүп жиберишет.

Кыргызстандан келаткан команда дүйнө чемпионатына катышат деп күткөн мелдештин уюштуруучулары ”мергендер” келбегендиктен миграция кызматына кабарлашат. Түштүк Кореянын миграция кызматы кыргызстандык 19 спортчу өлкө ичине киргенин маалымдашып, белгисиз себептер менен дүйнө биринчилигине катышпай, табылбай калган “мергендерди” издөөгө алышат.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде өлкөдө бир топ жылдан бери ыргыган бута атуу спорт түрү жоюлуп, ок атуу федерациясы гана калган. Мындай шылтоо менен чет өлкөгө иш издеп барууну калаагандар арбын. Жалган документерди жасоо сот жообуна тартылуучу жорук. Ошондуктан мындай коммерциялык кызыкчылыктарга спортчуларды аралаштырып, аларды жаманатты кылуу жарабайт.
Түштүк Кореядагы окуя башкаларга сабак болуп, мындай шылуундук аракет кылган федерациялар улуттук олимпиада комитетинин курамынан чыгарылат, деди Мурат Саралинов.

Түштүк Кореяга спорттук команда катары дүйнө чемпионатына өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жиберген эмес. Бул окуя иликтенип жатканын ушул мекеменин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов билдирди.

Спорттук делегация менен Түштүк Кореяга барып, ушул өлкөдө “жөн эле” калып калуу үчүн 4 миң долларлык далдалчылык кызматын сунуштаган фирмадан кооптонуп турганын бишкектик сүрөтчү Алмаз Кудайбергенов айтты.

Бей расмий маалыматтарга караганда учурда Түштүк Кореяда эки миңге чукул кыргызстандык мыйзамсыз мигрант катары иштейт. Алардын жетимишке жакыны гана мыйзамдуу иш менен камсыз болгондор.

Ушул жылдын 22- февралында Түштүк Корея өкмөтү Кыргызстанды жумушчу күчүн расмий экспорттоочу өлкөлөрдүн тизмесине киргизген чечим кабыл алган.
Анда кыргызстандыктар 2007- жылдын экинчи жарымынан тартып мыйзамдуу жол менен Түштүк Кореяга барып иштөө мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок өкмөттөр аралык келишимдерге алигиче кол коюла электигин Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин статс- катчысы Мухтар Өмүракунов билдирди.

Түштүк Корея тарап Кыргызстандан жумушчу күчтү жиберүү милдети өлкөнүн миграция жана калкы иш менен камсыз кылуу мамлекеттик комитетине гана жүктөлсүн, коммерциялык фирмаларга ишеним жок деген талап коюууда.