Баткен шаарынын Базарбашы кварталынын тургундары Баткен райондук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басарын бул жакта жашаган Батырбек Анаркуловго кыянаттык кылып, анын үйүн тинтүү учурунда куралды атайылап таштаган деген доомат коюшууда. Учурда райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Жаныбек Исаевдин үстүнөн иликтөө иштери башталды. Буга коомчулук милиция кызматкерлери көз көрүнө адам укуктарын одоно бузган деген баа берүүдө
Өткөн жумада, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн атайын тобу Баткен почтасынын кызматкеринин өлүмүнө тийиштиги бар деген шек менен Базарбашы кварталынын тургуну Батырбек Анаркуловдун үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Анда кылмыштын бетин ачуу үчүн айыпкер табуу максатында милиционерлер атайын курал таштап, куру дооматка жыгууга аракет жасашкан дейт Батырбек Анаркулов:
- Короо жактан келишкенде ары жактан эжебиз келип калган экен. Ал кыйкырып калды, "Батыр жүгүр бул жака кошунанын үйү жагынан терезеге бир нерсе таштады" деп. Биз чоң атам менен чыгып чуркап келгиче, кошунанын короо жагынан РОВДнын начальнигинин орунбасары Жаныбек чыгып келе жаткан. Эжем сен таштадың деп бетине айтып атат. Ал болсо менби деп тердеп кетти, өзү билдирип койду. Алар 4-5 күндөн бери келип пландап жүргөн. Силер постанова кылдыңар десем, кыйкырба деп мага кайра доо коюп атат, - деди Батырбек Анаркулов.
Милиция кызматкерлеринин кыянат ишине нараазычылык билдирүү максатында Базарбашы кварталынын 200гө чукул тургундары райондук прокуратуранын жанына чыгышкан.
Ал жерге элдердин пикиринде Батырбек Анаркуловдун мойнуна куру дооматты илүү аракетин жасаган делген райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жаныбек Исаев да келген. Ал Батырбектин үйүнө эч кандай куралды таштаган эместигин айтты:
- Мен эч кандай курал таштаган жокмун. Мен кайдан билейин ким таштаганын, - деди элдин арасына келген Жаныбек Исаев.
Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Султанов, окуя боюнча милиция кызматкери Жаныбек Исаевдин үстүнөн да тергөө иликтөөлөрү жүргүзүлүп жатканын айтты:
- Бул доомат боюнча алар арыз жазышкан, ошол арыздын негизинде бүгүнкү күндө облустук прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп атат. Бүгүнкү күнгө чейин заключение ала элекпиз. Биринчиден, кылмыш болобу, болбойбу мылтык боюнча? Экинчиден, ошол жерде Исаев Жаныбектин таштап койгон мылтык иликтенеби, иликтенбейби эки маселе турат. Бул эки маселеге тең тергөө чекит коёт, - деди Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Султанов.
Окуяга түздөн түз күбө болуп, Батырбектин үйүнүн айнегинен милиция кызматкери мылтыкты таштаганын көргөн Уулжан Тажибаева учурда өзүнүн коопсуздугу туурасында коркуп жатканын, эми күч органдары ага да кыянат жасаарын билдирди:
- Мага кур доомат менен бир нерсе кылып коёбу деп өзүм да коркуп калдым. Милиция өздөрү баштап ушундай ишти кылып аткандан кийин карапайым эл кайда барат, - деди Уулжан Тажибаева.
Ал эми Батырбектин кошунасы Чыңгыз Айтматов болсо органдын башчылары адам укуктарын тебелеп жаткандан кийин, калганы кайда барат дейт:
- Бул жерде мыйзамды өздөрү тебелеп, адам укугун бузуп атышат. Алар ойлоду баласы, аялы болуп эле жашайт, башка эч ким жок деп. Эл бар, эл көрүп турат. Ошон үчүн эл акыйкаттык үчүн ошол жерде жүрөбүз, - деди Базарбашы кварталынын тургуну Чыңгыз Айтматов.
Ал эми райондук ички иштер бөлүмүнөн «Азаттыка» окуя боюнча комментарий бериштен баш тартышты.