УКУК КОРГООЧУЛАР: БИЙЛИК 1937-ЖЫЛДЫ КАЙТАЛАБАШЫ КЕРЕК

Кыргызстандын бир катар бейөкмөт уюмдары бүгүн кайрадан Улуттук коопсуздук кызматынын алдында митинг өткөрүшүп, камакта жаткан оппозициянын өкүлдөрүн бошотууну талап кылышты. Колдоруна жасалма чынжыр тагынышкан укук коргоочулар менен 150 чамалаш акциянын катышуучулары Коопсуздук кызматынан Жогорку Кеңешке, өкмөт үйүнө, андан соң башкы прокуратурага жүрүшкө чыгышты. Бирок, эки жүзгө жакын милиция кызматкерлери менен атайын бөлүктүн кызматкерлери митингчилердин жолун тосуп, Жогорку Кеңештин алдында курчоого алышты. Бир сааттан ашык курчоодо турган митингчилер, акцияны эртеңкиге жылдырганга аргасыз болушту. Ал эми бийлик адамдары бардык иш-чаралар мыйзам чегинде жүрүп жатат деп ишендиришүүдө.
“Азаттык!”, “Азаттык!” деп ураан чакырып, УККнын алдына чыгышкан 150 чамалуу митингчилер 19-апрелдеги окуяларга байланыштуу камакта жаткан адамдарды бошотууну, оппозициядагы адамдарды куугунтукка албоону талап кылышты. Төлөйкан Исмалиова, Азиза Абдрасулова, Токтайым Үмөталиева өңдүү белгилүү укук коргоочулар уюштурган митинг УККнын алдынан Жогорку Кеңешке, андан соң өкмөт үйүнө карай жүрүш жасамакчы болгондо, алардын алдын эки жүзгө чукул милиция кызматкерлери тосуп чыгышты. Митингчилер милициянын тосмосун бузуп өтүүгө аракет кылышып, натыйжада тартип сакчыларынын курчоосунда калышты. Эки катар тизилген милиция менен атайын бөлүктүн кызматкерлери жүрүшкө чыккандарды Жогорку Кеңештин алдына келгенде курчоого алышып, бир саатка чукул эч жакка чыгарбай кармап турушту. Митингчилер акыры “Куугунтук токтотулсун”, “1937-жылды кайталаганга жол бербейбиз” деген сыяктуу ураандар жазылган плакаттарын жыйыштырып, эртеңкиге чейин таркап кетишти.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасылова, бүгүнкү митинг тууралуу буларга токтолду:

- Бизди мынакей күндө, аянтта ороп туруп алышты эч жакка чыгарбай. Анан элди аядык. Ошол себептүү азыркы менен митингди токтоттук дагы, эртең башкы прокуратуранын алдында саат ондо кайрадан улантабыз.Талаптарыбыз ушундай эле болот.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын ырасташынча, учурда УККда дагы бир топ адам камакта жатат. Бирок, учурда алардын бардыгынын ысымдарын тактоого мүмкүн болбой жатат:

- Мынакей карап көргүлө өзүңөр. Азыр УККнын ичинде жыйырмадан ашык бала жатат. Үчөөнүн ысымын билебиз. Абдрахманов, Айтикеев жана Субаналиевди. Документтери жок деген шылтоо менен камалган калган балдарды кантип бошотобуз. Мына, кечээ күнү беш-алты апа ыйлап келишти. Биздин балабыз тигил жакта отурат, бул жакта отурат дешип...

Камакта жаткан Адилет Айтикеевдин апасы, Талас облусунан келген Бурулкан Бейшеналиева да уулунун бошотулушун талап кылып, борборго келүүгө аргасыз болгон. Ал баласынын камакта жатканын “Азаттык” үналгысынан уккан:

- Эртең мененки “Азаттык” үналгысынын саат жетиден сегизге чейинки уктуруусунан “21-жаштагы Адилет Айтикеев камалып калды” дегенди угуп абдан жаман болдум. Өзүмдү өзүм жоготуп, ошол жерден жыгылып калдым. Эмне үчүн жаш баланы, өзү студент болсо УККга алып келип камап коёт.

Ал эми Адилет министри Марат Кайыпов, бүгүн митингиге чыгуунун жол-жоболорун өзгөртүү керектиги тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында кайсыл учурда митинг-пикеттерди уюштуруу керек, кайсыл учурда ага жол берилбеши керектиги так иштелип чыгышы керек. Бирок, укук коргоочулар министрдин бул билдирүүсун дароо сынга алышты.

Ошол эле убакта министр М.Кайыпов УКК 19-апрелдеги окуя боюнча кылмыш иштерин сотко чейин далилдеп бергенге милдеттүү экендигин ырастоодо:

- Кылмышка шектүү адам чыккандан кийин ал кишилерди чыкырып сурап, ошол кишилердин сурак учурунда берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде мүмкүн башка кишилерди да чыкырышы мүмкүн. Булар көз карандысыз орган болгондон кийин калыс түрдө мындай иштерди сотко чейин далилдеп бергенге милдеттүү.