Жалалабаттагы пахта заводунда дагы жаңжал чыкты. Пахта өндүрүшүндөгү жалгыз уникалдуу ишкана болгон заводду 2005-жылдан бери ээлеп турган адамдар менен жумушчулар 24-апрелде мамлекеттик мүлк фондунун атайын өкүлүн алып келген Жалалабат шаар кеңешинин депутатын жана шаар мэриянын өкүлүн түшүндүрмөлөрүн укпай коюшту. Ишкананы толугу менен сактап калууну жана заводдун деректирин алмаштырбоону талап кылышты. Талаптары аткарылбаса, конкреттүү иш-чараларга барышаарын эскертишти.
Заводду эки жылдан бери ээлеген адамдар менен жумушчулар мүлк кору дайындаган өкүлдү дүйшөмбү күнү да ишканага жакындатпай койгон. Алар кечээ аны менен келген шаар депутаты Муктар Зулпукаровдун жана шаар мэриянын кызматкерин укпай, депутатты чыгып кетүүгө мажбур кылышты.
Ушинтип кайым айтышкан адамдар “Кызылжар” пахта заводунун деректири Сатимали Бекташевдин белгилешинче, Жалалабаттагы ишкананы бүлүндүрбөй сактап, деректири менен кызматчыларын алмаштырбоону талап кылышты. Талаптары аткарылбаса заводдун башка жумушчуларын да чакырып, нааразылык иш-чарасын өткөрөрүн билдирди:
- Жаңжалдын талашы азыр революциянын атын жамынып, пахта заводго тиешеси жок айрым адамдар Жалалабат пахта заводун өзүнүн менчигине айландыруу болуп атат. Бул улантыла берсе заводдун кызматкерлерин, элди топтоп мэрияга болобу, башка жерге болобу чыгабыз. Заводдо иштегендердин талабы, заводго Ибраим Кадыровдон башка директордун кереги жок.
Завод “мамлекеттик бойдон калсын” дегендердин өкүлү Сурма Бечелова ишкана атайын өкүлгө өткөрүлгөн соң, таланып–тонолуп, таасирлүү адамдардын тымызын көрсөтмөсү менен базарга айланып кетет деп, чоочуйт:
- Азыр бул жерде туура эмес иш болуп атат. Кайдагы бир бөтөн бирөөлөр келип тартып алып атышат. Мындайча айтканда Ибрагимди түшүрүп, башка бирөөнү коюш керек экен. Андан кийин ал пахта заводду иштетеби, иштептейби алардын планында экен аны билдик.
Ишкананын баш бухгалтери Надырбек Абдуллаевдин көз карашында президенттин Жалалабаттагы туугандарынын айланасында жүргөн адамдардын заводго жөн-жай келиши мүмкүн эмес:
- Штабдын командасы келип атат, мындайча айтканда Акматтын штабында иштеген адамдардын бары келип алганы туура эмес болуп калып атат.
Шаар депутаты Муктар Зулпукаров ишканадагылардын өтүнүчү боюнча кырдаалды жаңжалга жеткирбөө үчүн келген. Депутаттын айтымында, заводго президенттин инилеринин катышы жок:
- Бакиевден деп жазылган эч нерсе жок. Мэриянын закондуу өкүлү келди, депутаттардын тарабынан мен келип отурам. Администратор келгенде эшигинен киргизбей түртүп чыгарып койгон фактылар болгон. Бакиевдин эч кандай тиешеси жок.
Ишканага атайын өкүл болгон Мухамед Осмонов жетекчилеринин уруксатсыз жооп бералбастыгын айтты:
- Бул жерде болгон нерселерди комментарий кыла алабайм.
Жалалабат шаар мэриясы мурда 72 миң тонна пахтаны иштетчү чоң заводдун өнүмдүү иштөөсүнө жана ага инвестиция тартылышына кызыкдар. Мэриянын өнөр жай секторунун башчысы Салыжан Умаровдун айтымында, мөөрү менен эн белгиси жок заводдо иш жүргүзүү мүмкүн эмес жана 24-апрелде келмек болгон инвесторду да тайсалдатышы ыктымал:
- Басып алган болбойт, же өзү иштетпейт, же бирөөгө бербейт. Ишканын тагдырын чечүү мыйзам чегинде болуш керек, - деди Салыжан Умаров.