21:35 Бишкек-Торугарт жолу ачылды

Бермет Акаеванын тарапкерлери бүгүн кечке жуук өлкө борборун Ысыккөл жана Нарын облустары менен байланыштырган бул жолду жаап, натыйжада 500 чакты автоунаа топтолуп калган. Жол тосууга райондук соттун Кемин шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкер Бермет Акаеваны шайлоого катышуудан четтеткен чечими себеп болгон. Жергиликтүү тартип коргоо органдарынын жолду ачуу тууралуу өтүнүчтөрүнөн кийин мындан бир аз убакыт мурда эле жол ачылганы кабарланууда. Жол тоскондор үй-үйлөрүнө тарап кетишүүдө. Мындай маалыматты Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн да тастыкташты. Бермет Акаеванын талапкерлигине байланышкан ишти эртең Жогорку сот карайт.(SM)