14:12 Кыргызстандын Эл мугалимдерине билим берүү жана илим министри сый-урмат көрсөтөт

«Кыргызстандын Эл мугалими» ардактуу наамы бар алдынкы педагогдор 24-апрелге Бишкекке чакырылды. Бул жакта аларды билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев кабыл алып, кеп-кеңеш куруп, сый-урмат көрсөтөт. Эл мугалимдери ошондой эле №6 гимназияда жана Бишкек гуманитардык университетинде педагогдор, окуучулар жана студенттер менен жолугушуп, ой-пикир алышат. (KCh)