Евробиримдик Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын колдоп Иранга каршы санкцияларды кабыл алды

Мындай чечимди Евробиримдик Иран өзөктүк программасын токтотууга такыр баш тарткандыгы үчүн мажбур болду. Санкциялар Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери тарабынан кечээ Брюсселде өткөн жыйында кабыл алынды. Евробиримдик БУУнун Коопсуздук Кеңешинен айрымаланып, санкцияларынын масштабын кыйла кеңейтти. Анткен менен Еврошаркеттин жетекчилеринин бири Хавьер Солана Тегеран менен өзөктүк проблема боюнча сүйлөшүүлөр улантыла берерин билдирди.