Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен сүйлөшүүлөрдү улантат. Дүйшөмбү күнкү жолугушууда өлкө башчылары негизинен газга байланыштуу маселелерди талкууга алышты. Европалык өлкөлөрдү камысздоочу Түркмөн газы Орусия аркылуу ташылат. Бүгүн эки өлкө жетекчилери бир катар аймактык жана эл аралык проблемаларды талкууга алышмакчы.