Бул тууралуу оппозициялык бириккен фронттун жетекчиси кечээ кечке жуук Байтик айылындагы үйүндө бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирип, бардык жоопкерчиликти бийликке жүктөдү. Ал ошондой эле оппозиция өкүлдөрүн камоо, коркутуп-үркүтүү аракеттери менен кырдаалды ого бетер курчутуп жатат деп бийликти айыптады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кечээ бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Суваналиевди жана оппозициянын дагы бир өкүлү Өмүрбек Абдрахмановду үч суткага камакка алганы кабарланган.(SM)