МОСКВА. Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюков Америкалык кесиптеши Роберт Гейтске Польша менен Чехияда антиракеталык системаны орнотуу глобалдык коопсуздукка коркунуч келтирет, деп билдирди. Гейтс Москвага ракеталардан коргоону системасын орнотуу ишинде Россияны кызматташууга көндүрүү максаты менен келди. Мааламаттар боюнча, АКШ Россияга маалымат жана технология менен бөлүшүүнү сунуш этмекчи. Гейтс президент Путин жана вице-премьер Иванов менен жолугушат.