Азербайжан жогорку даражалуу өкүлүнүн АКШга пландаштырылган визити болбой турганын билдирди

БАКЫ. Азербайжан жогорку даражалуу өкүлүнүн АКШга пландаштырылган визити болбой калганын билдирди. Мунун себебин ал Мамдепартаменттин адам укуктарынын акыбалына арналып, 2006-жыл боюнча жарыялаган баяндамасында Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу-Карабак жаңжалы маани-маңызы өзгөртүлүп чагылдырылган деп түшүндүрүп, АКШ бул маселеде калыс ортомчу боло алары күмөн деп билдирет.