10:38 Аксылыктар “Агым” гезитин жалган маалымат жарыялаганы үчүн сотко берет

Алар “Агымдын” 2007-жылдын 17-апрелиндеги санында жарык көргөн “Он күн убакыт беребиз” деген макаладагы “Аксы элинен Алатоо аянтындагы митингдерге катышып жатат” деген маалыматтарды карандай калп дешет. “Апрель айынын 11де башталып, 19да эч кандай жыйынтыксыз бүткөн, баш аламан, чар жайыт митингге, өздөрүн акылдуу сезген сасык саясатчыларды колдоп Аксыдан бир дагы адам борборго барган эмес” деп жазылат бүгүн таратылган билдирүүдө. Ошондуктан алар такталбаган маалымат жарыялаганы үчүн “Агым” гезити сот жообуна тартылсын деген талап коюшууда. (EBM)