Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Саркози жана Руаяль чыкты

Кечээ өткөн шайлоолордун биринчи айлампасында мурдагы ички иштер министри Николя Саркози үчүн франциялыктардын 30 пайызы, социалист Сеголен Руаяль айым үчүн 26 пайызы өз добушун беришти. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 6-май күнгө белгиленди.