Ооганстандагы исламчыл согушкерлер Париж менен Кабулга бир жума убакыт беришти

Ооганстандагы исламчыл согушкерлер барымтада кармалып жаткан франциялык 2 жаранды куткаруу үчүн Париж менен Кабулга 1 жума убакыт беришти. Вебсайтта жарык көргөн кайрылууда согушкерлер француз өкмөтүнөн аскерлерин чыгарып кетүүнү, ооган бийликтеринен болсо айрым талип туткундарын боштууну талап кылышты. Француз өкмөтү азыр ультиматум менен таанышып жатканы кабарланууда. 1 миң 100 аскерден турган франциялык контингент Кабулдун айланасында жайгаштырылган. Ооган президенти Хамид Карзай италиялык журналистти талип туткундарына айырбаштоодон кийин мындай практика колдонулбайт деп билдирди.