11:51 Депутаттар 19-апрелдеги окуя боюнча жарыш сөздү баштады

Алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн “Реформа үчүн” кыймылдын лидери Темир Сариев айыптоолорду токтотуп, тынчтыкты сактоо жана реформаларды жүргүү багытында бирдиктүү иштөөгө депутаттарды чакырды. Депутаттын маалыматы боюнча, кечээ күнкү окуяда бир милиция кызматкери жана бир митингчи олуттуу жараланды. “Биз фронттун жетекчилигине кайрылып, митингчилерди өз жерине таркатууну сунуштадык” , деп белгиледи Темир Сариев.(AiT)