Кабулда жеке менчик телекомпанияны жабуу талабын койгон нааразылык акция өттү

Азаттыктын Ооганстандагы кабарчысы маалымдагандай, ”Толо Ти Ви” телекомпаниясынын тезинен жабылышын талап кылып, анын имаратынын жанына кечээ 200 дөн ашуун адам чогулду. Алар Ооганстандын башкы прокурору Абдул Жабар Сабеттин аракеттерин колдоорун билдиришти. Баш прокурордун чечими менен 17-апрелде телекомпаниянын имаратына 50гө жакын полициячы кирип келип, үч журналистти кармап кеткен. Сабет “Толо Ти Винин” журналисттери анын сөздөрүн туура эмес бергенин, бул өлкөдө баш аламандык жаралуусуна түрткү бериши мүмкүн эле деп айтты. “Толо Ти-Винин” жетекчилиги бул айыпты четке кагууда.