Бириккен фронттун лидерлери митингчилер милиция аркылуу таратылган соң «24.kg» агенттигинде шашылыш маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар бул тополоңду бийликтин чагымчыл иш-аракеттеринин натыйжасы катары баалашты. Кыймылдын лидери Феликс Кулов чыр-чатактар менен тополоң бийликтин жоопкерчилигинде экендигин билдирди. (SM)